Соңку суткада 269 кишиден вирус аныкталып, 5 киши каза болду

Кыргызстанда 18-августка карата коронавирус дагы 269 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында - 114, Ош шаарында - 4, Чүй облусунда - 73, Ош облусунда - 14, Талас облусунда - 15, Нарын облусу - 7, Ысык-Көл облусунда - 27, Жалал-Абад облусунда - 15 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 534 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында - 190, Ош шаарында - 4, Чүй облусунда - 74, Ош облусунда - 21, Талас облусунда - 18, Нарын облусунда - 10, Ысык-Көл облусунда - 98, Жалал-Абад облусунда - 59, Баткен облусунда - 60 бейтап айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте жана Чүй облусунда 1, Иысык-Көл облусунда 3 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 823 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 894 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 689 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 324 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 172 миң 937 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 164 миң 344 киши айыгып чыкса, 2 миң 462 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД