Өлкө башчы Садыр Жапаров Орусияга болгон иш сапарынын алкагында Сочи шаарындагы "Сириус" федералдык аймагында жайгашкан "Сочи" футболдук клубунун стадионуна барып, стадиондо топ тепкиледи. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Видеодо Садыр Жапаров стадиондо футбол тобун бир нече ирет тепкилегенин көрүүгө болот.
Садыр Жапаров өлкөгө кечээ, 25-майда кайтып келди.