Мушкер Конор Макгрегор уулдуу болду

UFC уюмунун мурдагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор уулдуу болду. Бул тууралуу Конор Макрегордун соцтармактагы баракчасындагы маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

"Макгрегор үй-бүлөсүндө бешөөбүз болдук. Дени сак бала төрөлдү. Эне-баланын абалы жакшы. Менин үй-бүлөм үчүн берилгендин бардыгына ыраазымын. Менин уулум Риан Макгрегор", - деп жазды мушкер.

Өткөн жылы Макгрегор жана сүйүктүүсү Ди Дэвлин расмий түрдө баш кошушкан. Эки түгөй көп жылдан бери бирге түтүн булатып келишет.

Эске сала кетсек, Конор Макгрегордун кезектеги беттеши 10-июлда UFC 264 турниринин алкагында америкалык мушкер Дастин Порьеге каршы өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД