Урмат Самаев Токмок шаардык мэрлигине талапкерлигин көрсөттү

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев Токмок шаардык мэрлигине талапкер катары катталды. Бул тууралуу агенттикке Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азырынча депутат Токмок шаардык мэрлигине талапкерлигин көрсөткөн жалгыз талапкер.

Эскерте кетсек, Токмок шаарынын мэрин шайлоо 26-августка белгиленген. Бүгүн, 18-августта Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэри кызматына талапкерлерди каттоонун акыркы күнү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД