Ооганстан: "Чоң жети" онлайн жолугушуу өткөрөт

Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу дүйнөдөгү "Чоң жетиге" (G7) кирген мамлекеттер онлайн жолугушуу өткөрөт.

Кечээ, 17-августта Улуу Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон менен АКШ президенти Жо Байдендин телефондук сүйлөшүүсү болуп, анда алар саммитти келерки аптада өткөрүүнү макулдашкан.

Сүйлөшүү учурунда алар Ооганстанда гуманитардык кризисти алдын алуу үчүн эл аралык коомчулук биргелешип аракет кылуусу керектигин белгилешкен. Жонсон гуманитардык жардамды көбөйтүү, качкындарды көчүрүү пландары тууралуу айтып берген.

Байден менен Жонсон чет элдик жарандарды жана батыш коалициясына жардам берген ооган жарандарын Ооганстандан чыгарып кетүүдө кызматташууну улантууну макулдашкан.

Белгилей кетсек, "Чоң жети" тобуна Италия, Улуу Британия, АКШ, Япония, Франция, Германия жана Канада мамлекеттери кирет.

15-августта "Талибан" кыймылы Кабулду өз карамагына өткөргөн. Учурда талибдер Ооганстандын бардык аймагын ээлеп алды. Алар Ооганстанда "Ислам эмиратын" түзүүнү пландоодо.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД