Америкалык учак Кабулдан 640 кишини алып чыкты

Бул аскердик транспорттук учак Америка Кошмо Штаттары жана анын союздаштары тарабынан дээрлик отуз жыл бою колдонулган.

Албетте, учактын экипажы мынчалык көп сандагы адамды алып кетүүнү пландаган эмес. Бирок эвакуация учурунда адамдар учактагы жарымы ачык турган жүк ташталуучу люк аркылуу кире башташкан. Акырында экипаж адамдарды жерге кайра түшүрбөй, ошол бойдон учуп кетүүнү чечкен. Ал эми адамдардын саны учак учкандан кийин гана саналып, кеминде 640 адам деп такталган.

"Defense One" басылмасынын булагы бул Кабулдан жүздөгөн адамдарды алып кеткен учактардын бири гана экенин айткан.

Эс алуу күндөрү президент Ашраф Гани отставкасын жарыялап, Афганистандагы бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарды "Талибан" кыймылы көзөмөлгө алгандыктан Афганистандан чыгып кетүүнү каалаган адамдар аэропортко чогулган. Аба каттамдары да токтогондуктан аскердик-транспорттук учактар гана каттады. Мындан улам аэропортто баш аламандык башталган.

Афганистандын борбору Кабулдагы аэропорттон учуп бара жаткан учактан адамдар (2-3 адам) кулаганда тартылган видео да тараган. Учакка батпай калган адамдар анын сыртына чейин жармашып алышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД