Фарид Ниязов: Орхан Инандыга кыргыз жарандыгы мыйзамдуу берилген

Президенттин аппаратынын мурдагы башчысы, Жарандык берүү комиссиясынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов "Сапат" билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандыга кыргыз жарандыгынын берилиши боюнча билдирүү жасады.

Ниязов Орхан Инандыга жарандык берүү боюнча ага шектүү экендиги жөнүндө билдирме берилгенин айтып, ага ачылган иштин саясий өңүтү бар экени билдирген.

"Камчыбек Ташиевдин "Сапат" мектептеринин негиздөөчүсү Орхан Инандынын кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган деген билдирүүсү кезетеги кылмыш ишине айланды. Ал иштин эч негизи жок жана айыптоолор юридикалык жактан сабатсыз түзүлгөн. […] Жарандык берүү комиссиясынын аракеттери жана "Сапаттын" жетекчисинин кыргыз жарандыгын алышы мыйзамдуу болгон", - дейт ал.

Ниязовдун айтымында, ага берилген билдирмеде Орхан Инандыга кыргыз жарандыгы мыйзамдуу берилгендигин четке каккан негиздүү жүйөлөр келтирилген эмес.

Эскерте кетсек, 10-июлда ИИМ 2016-жылы Түркиянын 10 жаранына кыргыз паспортунун мыйзамсыз берилиши боюнча Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. ИИМден белгилешкендей, 2016-жылы президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссия (Фарид Ниязов жетектеген) Түркиянын 10 атуулун кыргыз жарандыгына кабыл алуу тууралуу мыйзамсыз чечим чыгарып, андан кийин жарандыкка кабыл алуу боюнча президенттин (Алмазбек Атамбаевдин) тиешелүү жарлыгы чыккан.

Кошумчалай кетсек, Ниязов Жарандык маселелер боюнча комиссиянын башчылыгына 2012-жылдын февраль айында келген.

Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. Ал бир айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган алардын чалгын кызматы Орхан Инандыны кармап, Түркияга алып келгенин билдирген.

Инандынын айтымында, аны үч кыргызстандык уурдап, Түркияга чыгарып кетүүгө жардам берген.

Ал Түркияда "куралдуу террордук уюмду башкарууга" айыпталууда. Адвокаттын айтымында, учурда Инандыга козголгон кылмыш иши менен таанышуу жүрүп жатат. Прокуратура аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сураган. Алгачкы сот отуруму 16-cентябрга белгиленген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД