Июнда Кыргызстанда жумушсуздардын саны көбөйдү

Евразиялык экономикалык биримдикте 2021-жылдын июнь айында 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда калкты жумуштуулукка каттоо кызматтарына катталган жумушсуздардын саны 50,2 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕАК) аналитикалык баяндамасында айтылган.

Анын ичинде Россияда жумушсуздардын саны 57 пайызга, Белорусияда 20,7 пайызга азайган.

Ал эми тескерисинче Казакстанда жумушсуздардын саны 57,6 пайызга, Кыргызстанда 20,9 пайызга, Арменияда 1,9 пайызга көбөйгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД