Залкар акын Жеңижоктун атындагы жаңы мектептин курулушу 80 пайызга бүттү

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл аймагындагы "Жеңижок" атындагы жаңы мектептин курулуш иштери 80 пайызга бүткөрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, мектеп 225 окуучуга ылайыкталган, бул калктуу конушта 500 окуучуга чейин окутууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Анда долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал, ошондой эле атайын жабдылган химия, физика, информатика класстары курулууда.

Учурда, куруучу компания тарабынан ички жасалгалоо иштери, электромонтаж, суу менен жабдуу, канализация жана сырткы тармактар иштери аяктоодо. Аймакты көрктөндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдѳ.

Белгилей кетсек, мектептин куруулушу өткөн жылдын январь айында Сауд Өнүктүрүү фондунун насыя каражаттарынан башталган. Анын сметалык баасы 870 миң 124 долларды түзүп, фонд тарабынан 504 миң 671 доллар каржыланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД