"Көлмө" жаңы конушуна канализация курулууда

"Көлмө" жаңы конушуна канализация курулууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Көлмө" конушунун Кулиев көчөсүндө канализациялык тармактардын курулушу башталды.

Канализация түйүндөрүнүн узундугу 445 метрди түзөт, алар 30га жакын үйдү камтыйт.

Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жарыяланган тендердин жыйынтыгы боюнча, "Дрим Строй" курулуш компаниясы жеңүүчү табылган.

Курулушту ушул күздө бүткөрүү пландалууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД