Кыргызстан Кытайдан 150 миң, Орусиядан 80 миң доза вакцина күтүүдө

Кыргызстанга жакын арада Кытайдан коронавируска каршы "Sinopharm" вакцинасынын 150 миң, Орусиядан "Sputnik-V" вакцинасынын 80 миң дозасы келерин Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова 26-майда "Азаттык" радиосуна билдирди.

Буга чейин Кыргызстанга "Sinopharm" вакцинасынын 150 миң дозасы келгени, ал 75 миң кишиге жетери айтылган. "Sputnik-V" вакцинасынан 40 миң доза алынган, ал 20 миң кишиге сайылат. Медициналык эреже боюнча бир адам эки жолу вакцина алууга тийиш. Биринчи жана экинчи дозанын ортосунда 21 күндүк тыныгуу болот.

Орус вакцинасы 65 жаштан улуу жана өнөкөт оорусу барларга, Кытайдыкы каалоочулардын баарына сайылууда.

Ишенапысованын айтымында, Бишкек шаарында кытай вакцинасынын экинчи дозасы гана калды.

Жалпысынан өлкө боюнча 80 минден ашуун эмделди.

Июнда британ-швециялык "AstraZeneca" вакцинасынын 210 миң кишиге ылайыкталган дозасы келери айтылган.

Өлкөдө коронавирус катталган 2020-жылдын мартынан бери расмий эсеп боюнча ооруну 103 миңден ашуун адам жугузуп алды. Алардын 1800дөйү каза болуп, 97 миңдейи айыкты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД