Ооганстанда талибдер акцияга чыккан адамдарга ок атты

18-августта талибдер Ооганстандын баш калаасы Кабулдан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан Жалалабад шаарында ооган желегин көтөрүп акцияга чыккан адамдарга ок атып, күч менен таратты. Бул тууралуу Reuters агенттиги окуянын үч күбөсүнө шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, демонстранттарды көздөй ок алар тууну шаардагы аянтка орнотууга аракет кылган учурда атылган. Жыйынтыгында үч киши каза болуп, ондогон адам жаракат алды.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялаган. Мамлекет башчы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен. 18-августта ал үй-бүлөсү менен Бириккен Араб Эмираттарында экени белгилүү болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД