Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлигине талапкерлерди каттоо аяктады

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлигине талапкерлерди каттоо аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлигине талапкерлерди каттоо кечээ, 18-августта саат 18:00дө аяктаган.

Эми талапкерлер тапшырган документтердин шайкештиги текшерилгенден кийин аймактык шайлоо комиссиялары бул кызматка талапкерлерди каттоо боюнча чечимдерди чыгарышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД