Ат-Башыда жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы , Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 407-чакырымында болгон. Анда "Ford Mondeo" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши каза болуп, 2 эркек киши ар кандай жаракаттарды алышкан.
Окуя болгон жерге 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган жарандар Ат-Башы райондук ооруканага жеткирилген.