Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков скутер айдаган видеосун жарыялады. Ага төрт сап ыр кошуп, президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин скутер айдаганына салыштырган.
"Ардактап турса кең мекен,
Ажодой болуш эмне экен.
Кадырлап турса кең мекен,
Камчыдан калчу мен бекен?", - деп жазган депутат.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Ысык-Көлдө скутер айдап, эс алып жүргөн сүрөттөрү социалдык тармактарга тараган.