Мэрдин милдетин аткаруучу борбор калаадагы жолдордун курулушун текшерүүдө

Мэрдин милдетин аткаруучу борбор калаадагы жолдордун курулушун текшерүүдө. Бул тууралуу шаар бийлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-августта борбордун мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев "Ак-Ордо" конушундагы мектептин жана бала бакчанын имараттарынын пайдубалына капсула салуу аземине катышып, андан кийин Каркыра көчөсүн да текшерди.

Текшерүү учурунда мэр жолдорду реконструкциялоодо шаардыктар менен тыгыз иштешүү зарылдыгын белгиледи. Шаардык кызматтар үчүн приоритет так биздин жашоочулардын муктаждыктары болууга тийиш. Ошондой эле, ал аткарылып жаткан иштердин сапатын жана объекттерди бүткөрүү мөөнөтүнүн сакталышын көзөмөлдөөнү айтты.

Каркыра көчөсүн оңдоо Өмүракуновдон Өмүргө чейинки тилкеде, узундугу 1700 метр, туурасы 8 метрди түзөт. Ошондой эле эки жагында тротуарлар болот. Жолду сентябрдын аягына чейин ачуу пландалууда.

Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранты менен ишке ашырылган "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" (2 -фаза) долбооруна ылайык, жалпы узундугу 70,78 км болгон 60 шаардын көчөлөрүн реконструкциялоо жана 5 көпүрө куруу каралууда. Подрядчы - "China Road and Bridge Corporation".


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД