Салык кызматы 7 айда 55,5 млрд сом салык чогултту

Салык кызматы жети айда 55 млрд 546,9 млн сом салык жана төлөм жыйнады.

Салык кызматы билдиргендей, ал каражаттын 44 млрд 819,2 млн сому республикалык бюджетке, 10 млрд 727,6 млн сому жергиликтүү бюджетке чогултулган.

Былтыркы жылга караганда салык менен төлөмдөр 15 млрд 94,6 млн сомго көп жыйналган.

Белгилүү болгондой, былтыр пандемияга байланыштуу көптөгөн чектөөлөр болуп, экономика токтоп калган. Анын айынан салыктар аз чогулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД