Акыркы 7айда жол кырсыгынан 394 киши каза болду

2021-жылдын жети айында Кыргызстанда 3982 жол кырсыгы катталып, 394 адам көз жумду.

Бул тууралуу "Спутник" маалымат агенттигиндеги басма сөз жыйынында Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын патрулдук кызматынын жетекчисинин орун басары Манас Сыдыгалиев билдирди.

Анын айтымында, былтыркыга салыштырмалуу жол кырсыгы 36% көбөйгөн, анын ичинен каза болгондор 21%, жаракат алгандар 38% түзөт. 5954 киши кырсыктан ар кандай жаракат алган.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылы Кыргызстанда 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 760 киши мерт болгон.

Кыргызстанда 2019-жылдан тарта "Коопсуз шаар" долбоору иштеп баштады. Долбоордун биринчи этабын ишке ашырган орусиялык "Вега" компаниясы 35 миллион долларга Бишкек менен Чүйдөгү жолдорго 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. Анын 90у стационардык, 20сы көчмө аппараттар. Кийинчерээк бул камералардын саны көбөйгөн эле.

Июнь айында президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине (ИИМ) жол кырсыктарын алдын алуу чараларын күчөтүүнү тапшырды.

Жогорку Кеңеш Министрлер кабинети сунуштаган "Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Жаңы өзгөрүүгө ылайык айып пулдун суммасы өзгөрбөйт, бирок 15 күндүн ичинде төлөсө 70% арзандатуу каралган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД