Август айында бензиндин баасы 5 пайызга чейин жогорулайт

Август айында дизель отунунун баасы 2 пайызга, бензиндин баасы 5 пайызга чейин жогорулайт. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов билдирген

Эшатов күйүүчү-майлоочу майдын баасы Россиянын мунайды кайра иштетүү заводдору саткан баага көз каранды экенин айтты.

"Бензинди биз тоннасын болжол менен 650 доллардан алып жатабыз, ал эми дизель отуну тоннасына 560 доллардан алынууда",-деп айтты ал.

Эшатов жыл башынан бери бензиндин баасы тоннасына 300 долларга чейин жогорулаганын айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД