Жалал-Абадда тилемчилик кылып жүргөн 24 чет элдик адам аныкталды

Жалал-Абадда тилемчилик кылып жүргөн 24 чет элдик адам аныкталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан "Тилемчи" аталышындагы рейд өткөрүлдү. Анда милиция, мэриянын кызматкерлери жана социалдык адистер менен биргеликте коомдук жайларда тилемчилик кылган жарандардын жашаган жерлерин аныктоо иштери жүргүзүлдү. Анын алкагында Жалал-Абад шаарынын Кыргыз Республикасы жана Ленин көчөлөрү текшерилип, тилемчилик менен алектенген жарандар турак үйдү убактылуу ижарага алышып, жашап келишкендиги белгилүү болду. Алардын өздүгү аныкталып, тиешелүү документтери текшерилген.

Тилемчилик менен алектенгендердин ичинен 24 адам Өзбекстандын Бухара жана Кашка-Дарыя облустарынан келгендиги аныкталды. Ал эми 19 жаран Ош облусунун Кара-Суу районунан келген лөлү тектүү жарандар экендиги такталган.

Жалпысынан тилемчилик менен алектенген 43 жаран аныкталып, алардын ичинен 70 жашка чыккан карыя, 18 өспүрүм жана 4 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран болгон. Аларга милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашаган аймактарына жөнөтүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД