ДИЛГИРИМ тиркемеси угуусу жабыркаган балдар жана ата-энелер үчүн ыңгайлуу.

Кыргызстанда акыры угуусу бузулган балдардын көйгөйлөрүнүн үстүнөн иштей башташты. Ал эми алардын көйгөйү – дээрлик көп. Бул биринчи кезекте, мыкты билим алуунун жеткиликтүү эместиги. Анын жыйынтыгында өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууда жана социалдашууда кыйынчылыктар келип чыгууда. Угуусу жабыркаган кичинекей кыргызстандыктар мектептерде орто билим ала алышпайт, ага ылайык аттестаттары жок ЖОЖдорго өтө алышпайт жана татыктуу жумуштарга орношуу мүмкүнчүлүктөрү жок.

Бул маселелерди чечүү үчүн биринчи кадамдар – КРдагы БУУӨП жана ЮНИСЕФтин колдоосунда "Technoland" Коомдук фонду тарабынан жасалды, ошентип "Дилгирим" уюлдук тиркемеси иштелип чыкты жана иштей баштады. Ал угуусу жабыркаган кичинекей жарандарга окуу материалын тез жана кызыктуу формада өздөштүрүүгө жардам берет.

"Дилгирим" тиркемеси угуусу бузулган балдарга эле эмес, алардын ата-энелерине дагы керек. Бул тууралуу Угуусу чектелген балдар үчүн республикалык жатак-мектептин директору Каныкей Жаманбаева айтып берди.

Анын айтымында Кыргызстанда узак жылдар бою угуусу жабыркаган балдарга аз көңүл бурулуп келген. Ошондуктан мектептин кызматкерлери "Technoland" Коомдук фондунун демилгесин абдан толкундануу менен кабыл алышкан.

"Бизге "Technoland" менен келип жана өздөрүнүн жакшы ойлору тууралуу айтып беришкенде биз абдан кубанычта болдук. Мен бул тиркеме балдарга эле эмес, алардын ата-энелерине дагы керек деп эсептеймин. Ошондуктан мисалы азыр мектептер карантинге жабылып жаткан коронавирус пандемиясында балдарга бүт окуу материалын жеткирүү кыйын. Окуучулар дагы тиркеме аркылуу ата-энелери менен биргеликте биз мектепте өткөндөрдүн бардыгын кайталап, бышыктай алышат",-деп белгилейт Жаманбаева.

Мындан тышкары, "Дилгирим" тиркемеси менен биргелешип иштеген учурда, угуусу жабыркаган балдар, алардын ата-энелери жана жакындары бири-бирин түшүнүүгө үйрөнүшөт. Угуусунда көйгөйлөрү жок чоң адамдар үчүн бул уюлдук тиркеме – татаал эмес жана колдонууда ыңгайлуу.

Маанилүүсү, тиркеме орус, ошондой эле кыргыз тилдеринде дагы иштелип чыккан, бул болсо үй-бүлөлөрдөгү өз ара түшүнүшүүгө көмөктөшөт.

"Мени программа орус жана кыргыз тилинде иштелип чыгып жаткандыгы кубандырат. Биз балдарды, ошону менен бирге ата-энелерди эки тилде окутабыз. Бул абдан чоң артыкчылык", - дейт жатак-мектептин директору.

Кеп, адистештирилген мектептерде кыргыз тили сабактары бар болсо дагы, алынган билимдер ал тилди өздөштүрүү үчүн жетишсиз экендигинде. Бүтүрүүчүлөр жыйынтыгында, кээде ал гана эмес ата-энелери менен дагы пикир алышууда кыйналышат.

"Дилгирим" уюлдук тиркемесине азырынча биринчи класс үчүн гана окуу материалдары жүктөлгөн. Программа угуусу бузулган балдар үчүн мектептердин квалификациялуу мугалимдери менен биргеликте иштелип чыгууда.

"Биз сабактарды окуу планына ылайык иштеп чыгуудабыз. Алар түзүлүп бүтөөрү менен тиркемеге кошулуп турат. Биз биринчи класстын 1-2-чейрегин аяктадык, эми 3-4 чейректин үстүнөн иштеп жатабыз. Ар бир жолу биздин балдар үчүн абдан зарыл болгон көз корубуз көбөйөт", - деп жетишкендиктер тууралуу Каныкей Жаманбаева ой бөлүшөт.

Белгилей кетсек, буга чейин 2020-жылы БУУӨП жана ЮНИСЕФ тарабынан ишке ашырылган "Inno KG" долбоорунун алкагында, мектепке чейинки билим берүү программасынын базасында "Моя семья", "Мой мир" жана "Арифметика" үч уюлдук тиркемеси иштелип чыккан болчу. Алардын жардамы менен угуусунда өзгөчөлүктөрү бар бөбөктөр сөздөрдү кызыктуу формада үйрөнө башташат.

"Бала бакча үчүн жасалган уюлдук тиркемелер дагы бизге абдан жардам берет", - дейт мугалим, - "Биздин мектепте даярдоочу класстар бар. Ал жерден балдар жана алардын ата-энелери биздин тиркемелер менен алгачкы жолу таанышат. Анда үй-бүлө, идиш-аяк, транспорт сыяктуу тематикалар бар. Жалпысынан айтканда биздин балдардын социалдашуусу үчүн зарыл нерсенин бардыгы бар".

Угуусу жабыркаган биринчи класстын окуучулары үчүн уюлдук тиркеме Кыргызстанда алгачкы жолу түзүлүп жаткандыктан, ал дайыма жакшыртуу режиминде турат. Иштеп чыгуучулар жана мугалимдер окуучулардын керектөөлөрүн эске алуу менен алардын билим алуу процессин жеңилдетүү жана жакшыртуу үчүн бардыгын жасап жатышат.

Маалымат үчүн:

"Дилгирим" уюлдук тиркемеси угуусу жабыркаган балдар окуган мектептердин 1-классы үчүн сөз өстүрүү боюнча эки тилдүү сүрөттүү китепчеден турат. Ал Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн колдоосу астында "Technoland" Коомдук фонду тарабынан иштелип чыккан. Тиркемени Google Play жана App Store кызматтарынан көчүрүп алууга болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД