Калмира Билимбек кызы жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Кыргызстандык спортчу Калмира Билимбек кызы жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Калмира Билимбек кызы Уфа шаарында (Россия) өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын үчүн күч сынашат. Кыргызстандык 55 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашууда.

Финалга чыгуу үчүн болгон күрөштө Калмира Билимбек кызы россиялык Анастасия Яндушкинаны утуп алды. Бул беттеште 5: 0 эсебинде жеңишке жетишкен.

Финалда Калмира Билимбек кызы беларусиялык балбан кыз менен беттешет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД