Баткенде асыл тукум койлордун көргөзмөсү өтүп жатат

Баткен шаарында Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата облустун айыл чарба тармагын өнүктүрүү максатында алгачкы жолу Эт жана май багытындагы куйруктуу койлордун көргөзмөсү өтүп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Асыл тукум койлордун көргөзмөсүнө президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Жаныбек Исаков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты.

Эт жана май багытындагы койлордун көргөзмөсүнө өлкөнүн жети дубанынан фермерлер келишкен.

Бул көргөзмөдө негизинен койдун үч түрү бар. Алар: авган, гиссар жана арашан түрлөрү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД