Министрдин орун басары "Ош ТВ" телеканалынын директору менен жолукту

Маданият министринин орун басары "Ош ТВ" телеканалынын директору менен жолукту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Илязбек Балташев "Ош ТВ" телеканалынын башкы директору Керимбек Калыкулов менен жолукту.

Анда учурдагы телеканал тарабынан жасалып жаткан иш- аракеттер жана эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата даярдыктар тууралуу пикир алышты.

"ОшТВ" телеканалы 1991-жылы 29-апрелде көз карандысыз телеканал катары ачылган. 2014-жылы соттун чечими менен КРдин Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна 100% акциясы конфискацияланган мүлк катары өткөрүлгөн. Уюштуруу формасы Жоопкерчилиги чектелген коом (ОсОО) катары ишмердүүлүк жүргүзүп келет.

Суткасына 18 саат эфирге чыгат жана бул убакыттын 30 пайызга жакынын өздүк продукция менен камсыздайт. 20га жакын программа бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД