Бишкектеги Дыйкан көчөсү оңдоо үчүн жабылды

Бишкектеги Дыйкан көчөсү оңдоо үчүн жабылды, - деп билдирет Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча, 19-августтан тарта Дыйкан көчөсү Месарош көчөсүнөн Керемет конушунун Нравская көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоого жабылат.

Оңдолгон участоктун узундугу 550 погондук метр, унаа жолунун туурасы 7 метр. Жолдун бир тарабына тротуар курулат, экинчи жагына сугат системасы орнотулат. Ошондой эле жолдун жана тротуардын бордюрлары, сугат арыктары жана дренаж торлору орнотулат.

Азыр ишкана көчөлөрдүн 13 тилкесинде капиталдык оңдоо иштерин улантууда, ал эми 7 көчө унаалардын өтүүсү үчүн ачык.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД