Бишкекте жаңы автобустук каттам пайда болду

Шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн Бишкек Чыгыш автобекети - жугуштуу илдеттер ооруканасы багыты боюнча автобустук каттам иштей баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Бишкек транспорт башкармалыгы шаардыктардын өтүнүчү менен №2 автобусттук маршрутун ишке киргизди. Ал чыгыш автобекетинен Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына чейин түз барат. Мындан сырткары, "Учкун", "Тунгуч" кичи райондорунан да өтөт.

"Жугуштуу илдеттер ооруканасында коронавирус жуктуруп дарыланып жаткандардын жакындарына жеңил болуш үчүн №2 автобустук маршрут каттай баштады", - деп айтылат маалыматта.

Аталган каттамда бүгүн, 19-августтан тарта, 12 автобус иштей баштаганы кошумчаланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД