Кайрадан трагедия.Жети-Өгүздө катуу ур-токмоктон үч жашар бала чарчап калды

Жети-Өгүз районунда 3-жашар бала ур-токмоктон улам каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Редакцияга белгилүү болгондой, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда ур-токмоктон улам 3-жашар бала каза болгон.

Алардын маалыматы боюнча, 15-май күнү Жети-Өгүз райондук милициясына аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн билдирүү түшүп, анда болжол менен саат 12.32 чамаларында Кызыл-Суу айылынын тургундары 38 жаштагы М.Д. жана 33-жаштагы М.Г. ооруканага эс учун жоготуп алган жана денесинде көк-ала тактары бар 3-жашар эркек баланы алып келгендигин маалымдалган. Денесинен жаракат алган бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, көп узабай наристе эсине келбей каза болгон.

Аталган факты Жети-Өгүз РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 65-(Уруп-сабоо) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, соттук-медициналык экспертизасы дайындалган. Окуянын жагдайларын аныктоо максатында тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге чыгышкан.

Күбөлөрдү сурамжылоодо, баланы ооруканага алып келген 33-жаштагы М.Г. аттуу аялга кудачасы 3 жашар баласын таштап, өзү Россия Федерациясына иштегени кеткен. Баланы карап жүргөн аялдын айтымында, 15-май күнү болжол менен саат 12.00 чамаларында наристенин талмасы кармап, тепкичтен кулап түшкөн. Ал эми денесиндеги көк-ала тактар болсо, бир нече жолу чымчып койгондуктан пайда болгонун көрсөткөн.

Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыгы боюнча бала жабык мээ жаракатын, башынан туюк жаракат алгандыгы белгилүү болгон. Аталган жыйынтык боюнча сотко чейинки өндүрүш иши Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138 беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту (Ден соолукка оор зыян келтирүүдөн улам этиятсыздыктан киши өлтүрүү) боюнча квалификациясы өзгөртүлгөн.

Аталган факты боюнча шектүү катары 33-жаштагы М.Г. райондук милиция бөлүмүнө алып келинип, жактоочунун катышуусунда ага денеге оор зыян келтирүү боюнча шектүү катары өтүп жаткандыгы жөнүндө кабарлама берилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Соттун чечими менен шектүү адамга 2 айга камака алуу баш коргоочарасы кабыл алынган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда жана тийиштүү экспертизалар дайындалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД