Айдаркен шаарында телефон уурдагандар 1 күн ичинде кармалды

Айдаркен шаарында телефон уурдагандар 1 күн ичинде кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-августан 17-августка караган түнү саат 02.58 чамаларында белгисиз адамдар Айдаркен шаарынын "Сотовый телефон" аталышындагы дүкөндүн терезесин сындырып кирип, жалпы баасы эки жүз элүү миң сом болгон сатыкта турган 16 даана ар түрдүү маркадагы телефондорду жана кассада турган алтымыш миң сом акчаны уурдап кеткен.

Бул факты Кадамжай РИИБнин КЖБРне Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изин жашырып, Ош шаарында уурдалган телефондорду сатууга аракет кылып жүргөн Айдаркен шаарынын 19 жаштагы А.Э., Жаңы-Коргон айылынын 18 жаштагы Н.А. жана Ормош айылынын 20 жаштагы Р.А. аттуу тургундарын аныктап, кылмыш изи сууй электе 18-август күнү Кадамжай шаарына алып келишкен.

Уурдалган телефондор далил буюм катары алынып, кармалган жарандар азыркы күндө убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД