Чолпон-Атада ЕӨАК чөйрөдөгү жыйыны өтүүдө

Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин тар чөйрөдөгү жыйыны өтүүдө. Иш-чара мамлекеттик №2 резиденцияда өтүп жатат.

Саламдашуу жана салтка айланган сүрөткө түшүүдөн соң жыйын тар форматта башталды.

Иш-чарага Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Орусия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышууда.

Ошондой эле жыйынга байкоочу катары Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Крус (видеоконференция аркылуу) катышып жатат.

Өкмөт башчылары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара жана тышкы соодасын камсыздандырууну колдоо, товарларды ташып чыгууда белгиленген бир жактуу тарифтик эмес чараларды жакындатуу маселелерин, ошондой эле экспорттук бажы алымдарын карашат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД