Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата өтө турган ири иш-чаралардын тизмеси

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата өлкө аймагында өтө турган иш-чаралардын тизмеси жарыялады.

• Бишкек шаары

- 24-25-августта саат 18:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз-Казак улуттук көркөм өнөр чеберлеринин эл аралык "Сармерден" теледолбоору болот;

- 26-августта саат 18:00дө "Манас" кинотеатрында "Шамбала" толук метраждуу көркөм тасмасынын Улуттук премьерасы (реж.: Артык Суюндуков, Т.Океев атындагы Улуттук Кыргызфильм киностудиясынын өндүрүшү);

- 27-август күнү саат 10:00дө эски аянтта "Кыргызстан менин мекеним!" аттуу этностор аралык Достук фестивалы өтөт;

- 30-31-августта саат 19:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында КМШ жаштарынын симфониялык оркестринин концерти өткөрүлөт;

- 30-31-августта саат 18:00дө Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына, Кыргыз элинин төкмө акыны Өтө Көкө уулу (Жеңижоктун) 160 жылдыгына, казак элинин акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына карата, кыргыз-казак акындардын айтышы болот.

• Жалал-Абад облусунда

20-августта саат 10:00дө Барпы атындагы Жалал-Абад облустук драма театрында "Алтын өрөөн" кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин фестивалы өтөт.

• Ысык-Көл облусунда

21-августта саат 10:00дө Каракол шаарындагы Борборук аянтта Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына, Жусуп Абдырахмановдун 120 жылдыгына, Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына, Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата маданий-массалык иш-чара өткөрүлөт.

• Нарын облусунда

23-25-август күндөрү саат 12:00дө Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы эс алуу багында республикалык кол өнөрчүлөрдүн "Шырдак" жана "Оймо" фестивалы өтөт.

• Талас облусунда

29-августта саат 20:00дө "Манас ордо" улуттук комплексинде "Урааным Манас!" аттуу театрлаштырылган салтанат болот.

• Ош облусунда

31-августта саат 09:00дө Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата майрамдык салтанат.

• Баткен облусунда

31-августта саат 17:00дө Баткен шаарынын борбордук стадионунда Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына майрамдык салтанат.

Ошондой эле 31-август күнү саат 09:00дө Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата майрамдык салтанат өтөт. Аянтта "Аскер" жана "Эмгекчилер" парады, театралдык оюндар, балдар коллективдеринин, кыргыз эстрадасынын, элдик чыгармачыл артисттердин катышуусу менен майрамдык концерт, жалпы элдик майрамдык сейилдөө, кыргыз жана чет элдик белгилүү сахна жылдыздарынын катышуусунда кечки программа уюштурулат.

5-сентябрда саат 18:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында "Ак-Мөөр" опера-дастанынын премьерасы өтөт.

Мындан сырткары, 31-август күнү Чолпон-Ата ат майданында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине арналган көк бөрү жана башка ат оюндары өтөт.

31-августта Кыргызстанда эгемендүүлүк күнү белгиленет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД