Талибдер Кабул аэропортуна оогандыктарды киргизбей жатканы кабарланды

Ооганстандан бир катар өлкөлөр өз жарандарын жана алар менен иштеген оогандыктарды чыгарууну улантып жатат.

15-августта "Талибан" кыймылы Ооганстандын борбор калаасы Кабулду басып алган соң миңдеген адамдар бул өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылууда. Талибдердин башчылары бул жолу шарияттын негизиндеги инклюзивдүү өкмөт түзөрүн, тычнтыкты каалашарын, каршылаштарынан өч албоого убада кылганы менен ага эл аралык коомчулук жана жергиликтүү тургундар ишенбей турат.

Бүгүн "Талибандын" согушкерлери Кабулдун аэропортуна кирчү бардык көзөмөл-өткөрмө пункттарды ээлеп алып, өлкөдөн учуп кетүүгө уруксаты бар оогандыктарды да киргизбей жатканы кабарланды. "Талибандын" өкүлдөрү жана НАТОнун кызматкерлеринин маалыматы боюнча, аэропорт жана анын айланасында жалпысынан 12 адам өлтүрүлдү.

19-август Ооганстанда Британ империясынан эгемендик алган күн катары белгиленип келген. Мындан улам бул күнү абал курчуп, зордук-зомбулук көп болобу деген чочулоолор айтылууда.

Мындан бир күн мурда Жалалабад провинциясында Ооганстандын расмий туусун көтөрүп демонстрацияга чыккан адамдарды талибдер аткылашкан. Анын натыйжасында бир нече адам каза болгону кабарланды. Бул талибдер Кабулду ээлеген соң тынч жарандарга каршы ок ачып, бир нече адамдын өмүрүн алган ири окуя болуп калды.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялаган. Мамлекет башчы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен. Ал үй-бүлөсү менен Бириккен Араб Эмиратында экени 18-августта белгилүү болду. Гани бул күнү видеокайрылуу таратып, Кабулда кан төгүлбөшү үчүн өлкөдөн чыгууга аргасыз болгонун билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД