"Кызыңдын абийирин ачам" Баткенде аялды коркуткан адам кармалды

Баткенде коркутуп-үркүтүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Айдаркен шаарынын тургуну 65 жаштагы аял кишинин кол телефонуна "Д" аттуу бала чалып, эгер кызың мени менен жашабаса абийирин ачып элге, тууган урукка сүрөттөрүн жарыя кыламын деп бир нече жолу шантаж кылып жүргөн.

Бул арыз Кадамжай РИИБнин КЖБРне Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 186-беренеси (Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында Айдаркен шаарынын 30-жаштагы туругуну аныкталып кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД