Дайынсыз болуп жаткан Азим Садырбеков изделүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан үстүбүздөгү жылдын 13-августунда болжол менен саат 11.00 чамаларында үйүнөн чыгып, бүгүнкү күнгө чейин кайра кайтып келбей, дайынсыз жоголгон, 04.10.2003-жылы төрөлгөн, жаш өспүрүм Садырбеков Азим Эрнисович изделүүдө.
Өзгөчө белгилери: бою 165-170 см., көздөрү кара, арыкчырай дене түзүлүштө, ак жумал, желкесинде тоголок формада калы бар.
Кийген кийимдери: ак футболка, кара джинсы шым, бутунда кара түстөгү спорттук бут кийими.
Кимде ким, өспүрүмдүн кайда жүргөнү жөнүндө маалыматы болсо, Балыкчы ШИИБне: (03944) 3-27-03, 0700 55 90 98, 0551 26 79 97, 0509 24 24 44 байланыш телефондоруна, же болбосо 102 кызматына билдирип коюну суранышат.