Кочкордо жеңил унаа ала салып эки адам жабыркады

Кочкордо жеңил унаа ала салып эки адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Нарын облусунун Кочкор районунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 170-чакырымында болгон. Анда Audi 80 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 47 жаштагы Э.Н. аттуу аял жана 14 жаштагы Э.К. аттуу кыз жабыркаган. Учурда алардын абалдары орто .

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД