Бишкекте футбол боюнча "Үч улуттун кубогу" эл аралык жолдоштук мелдеш өтөт

өлкөнүн Футболдук союзунун маалымат кызматы билдирип, беттештердин убакыт-саатын Бишкекте футбол боюнча "Үч улуттун кубогу" эл аралык жолдоштук мелдеш өтөт. Бул тууралуу жарыялады.

Ага Кыргызстан, Палестина жана Бангладеш улуттук курама командалары катышат.

"Бул жолдоштук турнир улуттук курама команданын Азия кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына карата даярдыгынын алкагында өтөт", - деп айтылат маалыматта.

Оюндар 2-7-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.

Кубоктун алкагындагы оюндардын убактысы:

2-сентябрь

Кыргызстан - Палестина

5-сентябрь

Палестина - Бангладеш

7-сентябрь

Кыргызстан - Бангладеш

КФС СOVID-19 пандемиясына байланыштуу оюндарга стадиондун теңине гана көрүүчүлөр киргизилерин эскертет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД