Марипов: Беш айда Кыргызстандын ЕАЭБ менен соода көлөмү 34,7% га өстү

Ушул жылдын 5 айында Кыргызстандын ЕАЭБдеги сооданын көлөмү 34,7 пайызга өстү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги кеңейтилген жыйынында билдирди.

Ошондой эле ал бүткүл дүйнөнү каптаган пандемияга карабастан ички сооданын өнүгүү темпи байкалгандыгын белгиледи.

"Мисалы, ушул жылдын 5 айында Кыргызстандын Биримдиктеги өнөктөштөр менен болгон өз ара соодасынын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,7 пайызга көбөйдү" , - деди Марипов.

Марипов тар чөйрөдө өткөн жолугушууда товарлардын экспорту боюнча тарифтик эмес чаралардын конвергенциясы, тышкы соода үчүн камсыздандырууну колдоо чаралары боюнча маселелерди талкуулашканын белгиледи.

Мындан тышкары ал климаттын глобалдык өзгөрүшүнө токтолуп, жашыл экономика бир эле учурда экономикалык жана экологиялык максаттарды алдыга жылдыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга багытталганын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД