Акжол Махмудов Токио Олимпиадасында кийген спорттук формасын сатыкка койду

Токио-2020 олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды алган кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов өзүнүн таймашка кийип чыккан спорттук формасын аукционго койду.

Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына бала чагынан "Олимпиаданын алтын медалын жеңүүнү көксөп жүргөнүн, муктаж болгондорго жардам бергиси келерин, өз өлкөсүндө спорттун гана өнүгүшүнө эмес, элдин жыргалчылыгына салым кошууну кыялданарын" жазган.

Сатыкка койгон кызыл түстөгү трикосунун баштапкы баасы 50 АКШ доллары деп көрсөтүлдү.

Спортчу аукциондун жыйынтыгы август айынын соңунда чыгарын, андан түшкөн каражат толугу менен кайрымдуулукка жумшаларын кошумчалаган.

Токиодо өткөн Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта финалда венгриялык Тамас Лоринцке жеңилип (1:2), күмүш медалдын ээси болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД