Сабиздин ширесинин ден соолукка пайдасы...

Адамдын өмүрү үчүн минералдарга өтө бай азык бул сабиз болуп саналат. Анын курамындагы калий тузу менен каротин организмдеги зат алмашуу балансын кармап турат.

Сабиздин өзүнө караганда анын ширесинде витаминдүүлүк жакшы сакталат. Ошондуктан аны келечекте эне боло турган аялдар жана кичине балдарга берүү абдан пайдалуу.

Сабиздин ширеси айрыкча бөйрөк, жүрөк, кант диабет ооруларына чалдыккан адамдар көп колдонгону жакшы. Адистер күнүнө эрте менен ач карын бир стакан сабиз ширесин ичүүнү сунуш кылат. Аны ичердин алдында көпкө сактабаш керек. Көпкө туруп калган сабиз шириндиги пайдалуу касиетин жоготот.

Өзгөчө сабиздин курамындагы А витамини көздүн көрүүсүн жакшыртып, бойду өстүрүп, терини жылмакай кылып коёт. А витаминин биз жумуртка, сүт жана боордон кездештире алабыз. Ошон үчүн адистер сабиз шириндигин алар менен чогуу пайдаланууга сунуш берет. Мисалга, каймак менен сабиздин аралашмасы тамак сиңирүүчү мыкты каражат.

Сабиздин пайдалуу касиети

1.Европалыктар сабизди балга аралаштырып сактайт. Ал аралашманы бири-бирнин денесине сүйкөйт. Бул да болсо алардын ден соолугу чың болсун деген максатта экен.

2.Сабиздин курамында организмге керектүү глюкоза жана аминокычкылдыгын да кездештирүүгө болот.

3.Сабиз өсүмдүгү өзгөчө каны аздар үчүн дагы өтө пайдалуу. Ал анткени ал канды көтөрүүгө жардам берет. Мисалга, анын курамындагы фолий кычкылы кандагы эритроциттин иштөөсүн жакшыртат.

4. Сабизди териге маска катары да колдонсо болот. Мындай ыкма денеңизди тартып, жылмакай кылып коёт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД