Жакын арада парламенттик шайлоо дайындалат

Жакын арада парламенттик шайлоо дайындалат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров эфир маалында билдирди.

Ал жарандардан өздүк маалыматтарын Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылып тактоону өтүндү. Жарандардын жашаган жери менен паспортто катталган жери дал келиши керек.

"Шайлоого чейин 90 күн калганга чейин сиздер дал келтирүүңүздөр керек. Жакын арада шайлоо өткөрүү күнү дайындалат. Мен жарандардын бир апта убактысы бар деп айтат элем", - деп билдирди Шайназаров.

Эскерте кетсек, буга чейин парламенттик шайлоо ноябрь айында өтүшү мүмкүн экени айтылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД