Президент: Кыргызстандын экономикасы 2023-жылы калыбына келет

Өлкөнүн экономикасы пандемияга чейинки абалына 2023-жылга чейин келет деп божомолдоп жатабыз. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отурумунун алкагында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн примьер-министрлери менен болгон жолугушууда билдирди.

"Өлкөнүн экономикасы пандемияга чейинки абалына 2023-жылга чейин келет деп божомолдоп жатабыз. 2021-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү экономикалык активдүүлүк калыбына келгенде 3.8%ды, ал эми 2022-2023-жылдары орточо эсеп менен 4.4%ды түзөт", – деди Жапаров.

Жолугушууга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Орусия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле ЕАЭБде байкоочу макамы менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Евразиялык экономикалык комиссия коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД