Кыргызстанда 200 тоннага чукул кара куурай жок кылынды

Кыргызстанда 200 тоннага чукул кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, июль жана август айларында "Кара куурай" аталыштагы операция өттү. Анын жүрүшүндө өлкө аймагында жалпы салмагы 187 тонна 675 кг кара куурай жок кылынды.

Ага 3 миң 213 адамдан турган 220 бригада түзүлүп, 3 миң 23 гектар жер изилденген. Анын ичинен 250,7 гектарда өсүүчү кара куурай орулуп, өрттөө жолу менен жок кылынган.

Бул операцияны учурунда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан 93 кылмыштын бети ачылса, 21 баңгизатына байланышкан кылмыш аныкталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД