Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту бүгүн, 20-августта активист Тилекмат Кудайберген уулуна карата өкүм чыгарды.
АКИpress агенттигине күч органдарындагы булактары билдиргендей, Тилекмат Кудайберген уулу анын үстүнөн козголгон кылмыш иш боюнча күнөлүү деп табылып, 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.
Сот процессинде судья Санжар Чотонов төрагалык кылган.
Тилекмат Кудайберген уулу ушул жылы март айында кармалган. Ага Жазык кодексинин 310-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар), 39-264-беренеси (Массалык баш аламандыктарды уюштурууга аракеттенүү), 39-192-беренеси (Шайлоочуларды сатып алууга аракеттенүү) боюнча айыптар тагылган.