Байгеси 4 унаа. Ошто улуттук ат оюндары боюнча Президенттин кубогу өтөт

Ош облусунда 31-август күнү улуттук ат оюндары боюнча Президенттин кубогу өткөрүлүп, байгесине 4 автоунаа коюлат. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов 31-август күнү эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата иш-чараларды өткөрүү боюнча даярдыкты текшерди.

31-август күнү Ош облусунда өткөрүлүүчү маданий жана спорттук иш-чаралардын тизмеси:

1. Төлөйкөн айылында ат майданында Көк бөрү жана улуттук ат оюндары боюнча Ош облусунда алкачкы жолу президенттин кубогу өткөрүлөт. Башкы байгеге 4 автоунаа коюлган. Башталышы саат 11:30.

2. Ош облусунун район борборлорунда 30 жылдын ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүн чагылдырган эмгекчилердин майрамдык жүрүшү. Айыл өкмөт мекеме-ишканалардын катышуусунда жүрөт.

3. Ош облусунун райондорунда Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, китеп, сүрөт көргөзмөлөрү, театрлаштырылган оюн-зоок программалар жана майрамдык концерттер өткөрүлөт.

4. Ош облусунун райондорунда Улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт.

5. Ноокат районунда түштүк аймагынын ардагер воллейбол командаларынын достук беттеши өткөрүлөт.

6. С.Ибраимов атындагы ОУДТ артисттери даярдаган "Кубат Бий" спектакль райондордо 10 күн көрсөтүлөт.

7. Баардык маданият мекемелеринде түрдүү улуттун катышуусунда майрамдык концерттер өткөрүлөт.

8. "Сулайман-Тоо" улуттук археологиялык музей комплексинде Кыргызстандын тарыхындагы урунттуу учурлар, өнүгүүгө салым кошкон тарыхый инсандар, архивдик материалдардан турган көргөзмө жасалат.

9. Алымбек Датканын 220 жылдыгына, Курманжан-Датканын 210 жылдыгына карата Алай районунда "Тоо Театрларынын" 1- фестивалы өткөрүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД