"Түндүк электр" ишканасына жаңы жетекчи келди

Азамат Кожомкулов "Түндүк электр" ААКнын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы кабарлады.

Чечим уюмдун директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынган. Кожомкулов бир нече жыл мурун "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын башчысы болгон.

"Түндүк электрдин" буга чейинки жетекчиси Улан Астаркулов да директорлор кеңешинин чечими менен иштен бошотулган. 2020-жылы октябрда компаниянын кызматкерлери анын дайындалышына каршы бир нече жолу митингге чыгышкан. Алар Астаркулов кылмыш ишинин фигуранты экенин айтып, буга чейинки башчы Доскул Бекмурзаев кызматтан мыйзамсыз алынганын айтышкан.

Акциянын катышуучулары Бекмурзаев иштен кетем деп арыз жазбаганын жана Астаркулов кызматка мыйзамсыз дайындалганын билдиришкен. Өкмөт мурдагы жетекчи чечимге нааразы болсо сотко кайрыла аларын айтып, нааразычылыктар токтогон. Ал эми июнда Доскул Бекмурзаев энергетика жана өнөр жай министри болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД