Жалал-Абадда кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин фестивалы өттү - сүрөт

Жалал- Абад шаарында "Алтын өрөөн" республикалык кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин фестивалы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20- август күнү Жалал- Абад шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине карата "Алтын өрөөн" республикалык кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин фестивалы өттү.

Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин орун басары Салтанат Аманова, Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Кыргыз Республикасынын кол өнөрчүлөр коомунун төрайымы Жамбы Карыбековалар катышты. Фестивалга республиканын ар бир облусунан, район шаарларынан келген ууз чеберлер катышып, колдорунан жасалган эмгектер көргөзмөгө коюлду.

Салтанатка келген меймандарды Т.Тыныбеков атындагы филармониянын керней-сурнайчылары тосуп, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине карата уюштурулган "Канткенде адам улуу адам болот" аттуу театралдаштырылган көрүнүш менен башталды.

Ошондой эле иш- чаранын негизги бөлүгү болгон кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин эмгектеринин көргөзмөсү, дизайнерлердин этникалык стилдеги заманбап кийимдердин көргөзмөсү болуп, "Алтын өрөөн" фестивалына активдүү катышкандар кол өнөрчүлөр Маданият министрлигинин дипломдору менен сыйланды.

Иш- чара Т.Тыныбеков атындагы областтык филармониянын оркестринин коштоосунда концерттик программа менен коштолду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД