Чек ара кызматы: Афган качкындары Кыргызстанга келген жок

Кыргызстанга Афганистандан качкындардын келгени тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтар туура эмес. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн кабарлашты

Ведомстводон эскертишкендей, Кыргызстан Афганистан менен чектешпейт.

Ошондой эле чек ара ведомствосу Афганистанда болуп жаткан жагдайларды тыкыр көзөмөлгө алып жатканын маалымдады.

Мындан тышкары кыргыз-тажик чек арасында жана кыргыз-өзбек чек ара участокторуна убактылуу чек ара посттору орнотулду, УКМКнын Чек ара кызматы башка күч түзүмдөрү менен биргеликте пландуу чалгындоо-издөө иштерин жүргүзүп жатат.

Чек ара кызматы чет элдик жарандар уруксат документи болгондо гана чек ара бекеттери аркылуу Кыргызстандын аймагына өтүп келе турганын эскертти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД