УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды

14-августта УКМК тарабынан жүргүзүлгөн контртеррористтик иш-чаранын жүрүшүндө Баткен облусунун 1994-жылы туулган тургуну "С.Ж." кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кармалган жаран 2016-жылы "Ислам мамлекети" эл аралык террордук уюму менен куралдуу кагылышууга катышуу үчүн Сириядагы куралдуу чыр-чатактар аймагына кеткен.

Террордук топтун катарына жалдоочуларды тартуу жана андан ары анын айрым мүчөлөрүн Сирия менен Ооганстанга өткөрүп берүү максатында "Ислам мамлекети" эл аралык террористтик уюмдун жетекчилеринин көрсөтмөсү менен Кыргызстанга келген.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД