ТИМ: Германия Кыргызстанга коронавируска каршы 110 миң доза вакцина берет

2021-жылдын 20-августунда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырууга байланыштуу Германиянын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалган Габриэла Геллилди кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун башында министр Р.Казакбаев Габриэла Геллилди бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, жооптуу кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Тараптар кыргыз-герман мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешип, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышты. Алар өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Мындан тышкары алдыдагы эки тараптуу иш-чараларга байланыштуу маселелер талкууланды. Тараптар 2022-жылы өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүүгө, анын ичинде эң жогорку жана жогорку деңгээлде өз ара сапарларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурушту. Эки өлкөнүн ортосундагы маданий жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү максатында Бишкекте француз-герман маданият институтун ачуу маселеси өзүнчө талкууланды.

Германия элчиси Геллил эки тараптуу кызматташтыктын алкагында Германия өкмөтүнүн COVAX механизми аркылуу Кыргызстанга 110 миң доза вакцина бөлүп берүү чечими тууралуу маалымдады. Логистикалык маселелер кошумча талкууланат.

Жолугушуунун аягында министр Р.Казакбаев кыргыз тараптын эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө даярдыгын билдирди жана элчини КР .гемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 2021-жылдын 30-31-августуна пландаштырылган майрамдык иш-чараларга катышууга чакырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД