Өлкөнүн паралимпиадалык курама командасы Токиого сапар алды

Кыргызстандын Паралимпиадалык курама командасынын мүчөлөрү Арстанбек Базаркулов жана Хайитхон Хусан кызы XVI Паралимпиадалык оюндарга катышуу үчүн Токиого сапар алышты. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Спортчуларды машыктыруучулар Алмазбек Абиров жана Канатбек Имиянов, ошондой эле ковид офицер Кундуз Абирова коштоп кетти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Паралимпиадалык команданын мүчөсү Арстанбек Базаркуловго желек тапшыруу учурунда

Улукбек Марипов паралимпиадачыларды кабыл алып, желек тапшырды. Сүрөт

Ал эми Жаштар иши, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Асеин Төрөгелдиев аларды узатты.

Белгилей кетсек, XVI Паралимпиада оюндары Япониянын Токио шаарында өтөт. Ага ядро ыргытуу спортунан Арстанбек Базаркулов жана дзюдодон Хайитхон Хусан кызы катышат. Мелдештер 2021-жылдын 24-августунда башталып, 5-сентябрында жыйынтыкталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД