Абдугапаров Авазбек Абибулаевич "Республика-Ата Журт" саясий партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаты болду.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 20-августта тиешелүү токтом чыгарып, Абдугапаровго күбөлүк жана төш белги тапшырды.
Абдугапаров Жогорку Кеңешке "Кыргыз алтындын" жетекчиси болуп дайындалган Үмбеталы Кыдыралиевдин ордуна келди.